23 апрель 2026
Кароолор: 9
Кызыл-Кыя шаарында жаңы муниципалдык базардын курулушу уланууда
Кызыл-Кыя шаарында жаңы муниципалдык базардын курулушу уланууда
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарында курулуп жаткан жаңы муниципалдык базардын аймагы менен таанышты.
Аталган долбоор Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500 млн сомдук республикалык бюджеттин алкагында каржыланууда. Анын ичинен 80 млн сом каражат бөлүнүп, базардын аймагында негизги инфраструктуралык иштер аткарылды. Тактап айтканда, ички жолдор, тротуарлар, суу ноолору (лотоктор), электр мамычалары орнотулуп, саркынды суу системасы, көмөкчү чордон (подстанция), таза суу тармактары тартылып, айланасы тосулду.
Учурда долбоордун кийинки этабын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) механизмин колдонуу каралууда. Бул багытта тиешелүү сынак жарыяланып, инвесторлорду тартуу иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, базардын жалпы сметалык баасы 1 млрд сомго чейин бааланууда. Долбоор толук ишке ашкан соң, шаар тургундары үчүн заманбап, ыңгайлуу соода аянтчасы түзүлүп, ишкерлерге кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылат. Мындан тышкары, жаңы жумуш орундары түзүлүп, шаар экономикасынын өнүгүшүнө өбөлгө болот.
Иш сапардын алкагында Мамыржан Рахимов курулуш иштеринин сапатына жана мөөнөтүнө өзгөчө көңүл буруп, тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкулүнүн басма сөз кызматы